Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын делегациясынан кечирим сурап жаткан видеосу фейк.

“Социалдык тармакта жана ЖМКларда тарап жаткан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин Тажикстандын делегациясынан кечирим сурап жаткан видеосу монтаждалган жана каралоого багытталган”, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.