Жалал-Абад шаарынын аймагында 7-майга караган түнү катуу жаап өткөн жамгырдан кийин Сел-Арык сел каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жаандын кесепетинен, шаар аймагындагы бир катар мекеме-ишканалардын жана жеке турак үйлөрдүн короолорун жана жер төлөлөрүн суу каптаган. Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу жана кээ бирлерин кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда.
Тартылган күч-каражаттар: Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 офицер, 5 куткаруучу жана 2 мотопомпа;
— Жалал-Абад суу канал башкармалыгынан 2 кызматкер жана 1 бирдик Камаз үлгүсүндөгү суу сордуруучу автоунаа;
— шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынан 6 кызматкер жана 2 бирдик ЗИЛ үлгүсүндөгү жолду жууп тазалоочу автоунаалар;
— шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинен 12 кызматкер;
“Учурда Жалал-Абад шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, тиешелүү шаардык Жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери жана техникалары тарабынан суу каптоонун кесепеттерин жоюу иштери улантылууда. Кошумча маалымат берилет”,- дейт аталган министрликтин маалымат кызматы.