…Түнү уктай албадым, ушул сүрөттү тартым…

Бу сүрөт эмне тууралуу? Аны майдалап, чоо-жайын айтып бергим келбейт. Бу сүрөттүн боегу дене канымдан, деми жанымдын тереңинен, жүрөктүн толтосунан жаралгандай болду…  Бу сүрөттү – “Мадина жана миң канаттуу турналар” деп атадым. Бу боектун ар бир түсүндө көкүрөктү куйкалаган, жүлүндү жулган арман бар, муң, көз жаш бар… 12 жашар Мадинанын, 5 жашар Абидиндин, дүйнөнүн, ак каранын, жашоо менен өлүмдүн, күлкү менен Күндүн айрымасын билбей, эне сүтү оозунан кете элек наристелердин окко учканы дене тамырды сыздатат… кан какшатат… Эч бир күнөөсү жок, бу дүйнөгө бала болуп жаралгандан башка тазалыгы, аруулугу, баеолугу жок Периште балдардын жан таслим болушу эч бир адамдыктын алкагына батпай туру.  Күнөөсүз Периштелердин өмүрүн кыйган жексурларга, бала өмүрүнө кол көтөргөн адамтааналарга бүт ааламды жаңыртып, чындыктын чыркыраган үнү менен кыйкыргың келет: “Адамдар, акылыңарга келгиле, силер кимге  ок аттыңар, силер акактай балдарга кантип ок мээледиңер, кантип Бала-Периштелерге кол көтөрдүңөр!!!”

***

Согуш. Бу сөз бизден алда канча алыста эле. Согуш — бу күнү биздин үйүбүзгө, кутубузга, ыйык очогубузга, биздин жандүйнөбүзгө көз жаш болуп, арман болуп, ажал болуп кирди… Ал бизге жакын келди… Сопкутсуз тынч адамдар курман болду, окко учту, наристе өмүрү кыйылды. Согуш алардын өмүрүн гана алып тынбай, жашоого болгон өмүр укугун, Күн нуруна чайынып, нурга жуунуп, ааламды жаңырткан таза күлкүсүн алды, Эне сүйүүсүн алды… Алар кара селдей жер омкоруп  каптап кирди, алар бир карыш жер үчүн эмес, бир тамчы суу үчүн эмес, алар өзүнүн чыныгы жүзүн, адамгерчиликсиз жүзүн көрсөтүү үчүн  шуйшуңдөп келди…  Бирөөнүн жерине кандуу из салып келгендер эч качан жеңишке туйтунган эмес, алар биздин куттуу жерге жеңилүү үчүн… Намыс-ары жоктугунан келди…

Бизге согуш бу – өлүм деп айтышар эле, Жок? Согуш – өзүн-өзү өлтүрүүгө тете. Алар ушу кун үчүн  кандуу тырмагын кайрап, ыйык жерибизге бастырды… Наристенин өмүрүнө кол салгандарга Жараткандын каары   кечирим бербейт. Мындай адамдар өзүнө гана  азап алып келбестен, айланасындагынын  баарынын көпүрөсүн өрттөп…  Ал көпүрө — ишеним көпүрөсү…

Бу апаатын биринчи курмандыгы Чындык …

***

       Өлчөсүз бийлик зулумдукту жаратат. Бу тирандыктын алгачкы белгиси. Тирандарга мүнөздүү көрүнүш — өзүнүн айлансындагынын баарын аңга түртүп, өз тактысын сактап калса, таажысын актап калса… Бирок ошол аңга өзү түшөрүн тирандар билбей калат… Тарыхта эч бир тирандын ысмы калаган эмес, ага эркиндикти, азаттыкты ыйык туткан эл жол бербейт…

Опасы жок ой баскан жан, окуп койгун ушуну:*

“Канча дайра, канча бактан кеткен алар түбөлүк…”

Күн-түн жутун тыйбаган жан, эстей жүргун утуру:

“Канча дайра, канча бактан кеткен алар түбөлүк…”

 

Султан тагын, даңзасын караба сен,

Комсоо жер алдында каларың акыр чындык, ичер сууң түгөнүп,

Ошолордун баарын көрүп, окуп койгун ушуну:

“Канча дайра, канча бактан кеткен алар түбөлүк…”

Бу улуу фарс акыны  Джалаладдин  Руминин ыры…

_______________________________________________________________

*Руминин ыр сабын которгон Жыргалбек Касаболотов

***

Мен ишенем акыр түбү акыл-эс жеңет. Аркы жээкте да сиз менен биздей ой-жүгүрткөн, ачык асман, бейкут күндө жашоону эңсеген  акыл-парасаты бар адамдар бар. Дүйнө бир гана кара боектон турбайт…

Коңшуну тандабайт, ал – Жараткандан. Бизге Жарткандын өзү тынчтыкта, ынтымакта, коңшулук сезимде жашоону буйруган. Эгерде, аны ким бузса Жараткандын амирине каршы, жазасы – Жарткандан.

Дамамат Күндү, тирүүлүк  рахатын, жарыкты кут кылган жашоону ар бир жүрөккө ыроолосун, таң эрте атактуу Вагнердин музыкасын угуп, Кара Молдонун күүлөрүн тыңдап, куштардын сайраганына кулак түрүп,  улуу Руминин ырларын окуу жашоонун жыргалы эмей эмне?!.. Тынчтыктын кадырын сезе билүү ар бир адамдын ыйманында, дээринде,жүрөгүндө болсун! Тынчтыктан өтөөр жашоонун дөөлөтү  жок. Тынчтыктан өтөөр Адамдыктын асыл түшүнүгү жок…

Акылмандар айткан: «Согушту баштоо оңой, аны токтотуп калуу кыйын…” деп. Бу талашсыз чындык  Тынчтык  — баардык чырдан жогору…

***

…Лейлек – миң канаттуу турналардын мекени…Ошол канаттуулардын арасына  периштедей болгон кыз, он эки жашар Мадина учуп кетти… Түбөлүккө… Асмандан турналарды көрсөңөр…  Ошол али балалык дүйнөнүн жыргалын көрүп, ага тойбой кеткен Мадинанын жаны деп билгиле… Асмандан жамгыр жааса, анын ар бир тамчысы периштеге  айланган Мадинаны көз жашы деп билгиле…

Кечир, бизди Мадина…

Лейлек – миң канаттуу турналардын Мекени, турналар дамамат тынчтык менен бейпилдиктин аймагын мекендеп, байырлап келген куш…

… Миң канаттуу турналар кайрадан  учуп келет…

Мен ага ишенем…

 

  Султан РАЕВ

Картина «Мадина жана миң канаттуу турналар»