«М» Жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун кайрылуусу боюнча иликтөө жүрүп, натыйжада Мамлекеттик бажы кызматынын жана коммерциялык банктардын биринин кызматкерлери мыйзамсыз иш жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылы «М» ЖЧКсы банк аркылуу 40 млн сомду «ташылуучу бажы төлөмдөрү» катары Финансы министрлигинин Борбордук казынасына которгон. Бирок коммерциялык банктын кызматкерлери белгисиз себептерден улам көрсөтүлгөн сумманы «ташылуучу товарларга кошумча нарк салыгы» катары башка эсепке которуп, «М» ЖЧКсына жасалма төлөм тапшырмасын беришкен.

2018-жылдан тарта аталган ЖЧК товарларды бажы аркылуу жасалма төлөм тапшырмасы менен ташып турган. Бирок документтерди көзөмөлдөөгө жооптуу бажы кызматкерлери тиешелүү ченемдик-укуктук актылардын талаптарын одоно бузушуп, аларды каттоодо товарлар боюнча декларацияларды текшеришкен эмес. Мындан тышкары бажы кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуп, 3 жыл бою бажы төлөмдөрүн чегерүү, которуу жана кайтаруу боюнча милдеттерин аткарбай, «М» ЖЧКсы менен бажы органынын ортосунда ай сайын текшерүү жүргүзүлбөй келген.

Ошол эле учурда, бажы органы 2021-жылдын март айында «М» ЖЧКсына карата негизсиз туум чегерип, натыйжада ишкердик субъектинин мыйзам менен корголгон укуктары бузулган.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 233 (коммерциялык же башка уюмдардын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 359-беренелери (документтерди жасалмалоо) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталды.