Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү инклюзивдик саясатты жана инклюзивдик баалуулуктарды билим берүүнүн тутумуна киргизүү тажрыйбасын өнүктүрмөйүнчө мүмкүн эмес.

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Педагогика факультетиндеги 2021-жылдын май айынын биринчи жумасына карата уюштурулган башкы иш-чара – Инклюзивдикбилим берүү күнү.

Иш-чарага «Мектепке чейинки билим берүү», «Баштапкы билим берүү», «Логопедия», «Сурдопедагогика» профилдеринин студенттери катышты. Иш-чаранын максаты — келечектеги мугалимдердин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана чоңдор менен, мүмкүнчүлүгү чектелген баланы тарбиялап жаткан үй-бүлө менен жана билим берүү уюмунда тажрыйба топтоо багытындагы, социалдык мааниге ээ болгон ишмердикте кесиптик-педагогикалык компетенттүүлүктү калыптандыруу.

Студенттер 5 мастер-класс боюнча топторго бөлүнүп иштешти. Алар: “Жаңсоо аркылуу ырдоо”, “Логоритмика”, “Релаксация” (“Эс алуу”), “Инклюзивдик дидактикалык оюндар”, жана “Кинезиотерапия”. Андан кийин инклюзия боюнча талкуу менен коштолгон видеотасмалар көрсөтүлүп, ар бир мастер-класстын мыкты тажрыйбалары тартууланды. “Кыргызстаным” аттуу ырды жаңсоо аркылуу аткарган студенттер релаксация боюнча тапшырмаларды аткарышты. Аларды көрүп суктанган залда отургандар да тапшырманы аткара башташты.

«Университетибизде инклюзивдик маданиятты калыптандыруунун алкагында студенттерди инклюзиянын концептуалдык талаасы, анын принциптери жана баалуулуктары менен тааныштырууну максат койгон мастер-класстар жана талкуулар уюштурулду», — деп билдирди И.Арабаев атындагы КМУнун университеттер аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясынын башчысы, профессор К.М.Тилекеев

Университеттер аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясы Сорос-Кыргызстан Фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында инклюзивдик мектептин билим берүү стратегиясын иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында БАЕФден бала бакчадагы жана мектептеги балдар менен иштөө боюнча ар кандай дидактикалык адабияттарды алган. Китептер жыйнагына алдыңкы мугалимдердин уникалдуу жаңы адабияттары, мектепке чейинки билим берүүгө, баланын инсандык өнүгүүсүнө жана акыл-эсинин жетилүүсүнө, ата-энелер менен иш алып барууга, заманбап технологияларды колдонуу менен башталгыч билим берүүнүн мыкты тажрыйбалары камтылган китептер кирет. Инклюзия күнүндө бардык кызыккан студенттер Университеттер аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясынын базасында ушул басылмалар менен таанышып чыгышты.

БАЕФтин аткаруучу директору Анара Надирбекова өз сөзүндө катышуучулардын көңүлүн студенттик коомдо жана жаштар чөйрөсүндө инклюзивдик билим берүү идеяларын иштеп чыгуу зарылчылыгына бурду: “Биз ар түрдүүлүк, теңдик жана биримдиктин баалуулуктарынын университеттердин гана эмес, жалпы коомдун баалуулуктарынын бир бөлүгү болушу керек деген ишеничтебиз. Болочок мугалимдердин иш-чараларга катышуусу ар кандай мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар менен баарлашуунун компетенттүүлүгүн жана көндүмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт. Студенттерге биргелешкен жолугушуу-экскурсияларды, майрамдарды, сынактарды, ар кандай билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн сынактарды уюштуруу тапшырылды. «Ар түрдүүлүк адамдын жашоосунун бардык аспектилерин өнүктүрөт» — деп инклюзивдик билим берүүнүн принциптеринин биринде айтылат. Борбордук Азиядагы Евразия Фонду жана Сорос-Кыргызстан Фонду тарабынан жигердүү колдоого алынган Университеттер аралык инклюзивдик билим берүү лабораториясы мындан ары да инклюзивдик мектепте иштөөгө даярдоодо студенттер менен ар кандай инновациялык формадагы иштерди жайылта берет деп ишенебиз.