Кечээ, 10-майда Дөө Чыңгыздын атынан келдим деп ишкерден 20 миң АКШ долларын талап кылып жаткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү «И.Р.М» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган «И.Р.М.» УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Учурда алардын шериктерин жана башка соттолуучуларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.