Кылмыш-кырсык
Өзгөн районунда 8 жаштагы баланы сел агызып каза болду
Ош облусунун Өзгөн районунда 8 жаштагы баланы сел агызып кетип, каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолоруна кирген. Акжар айыл аймагындагы 11-май күнү саат 13:20 чамасында Большевик айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел жүргөн.
Ошол учурда жеринде кой кайтарып жүргөн 2013-жылы туулган У.А. аттуу баланы сел суулары агызып кеткен. Ал туугандары тарабынан табылып, ооруканага алып барган учурда каза болуп калган