Жарандык активист, мекенчил мырза Талантбек Мамытов Баткен облусундагы аткезчилик маселесин жоюу тууралуу кайрылуу жолдоду. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:
«Урматтуу Баткен облусунун патриот мырзалары, кечеги тажиктер менен болгон окуяда көпчүлүгүбүздүн көзүбүз ачылды болуш керек. Келиңиздер баарыбыз биригип,биздин эң чоң көйгөйлөрүбүздүн бири болгон контрабандага чекит койолу. Тажиктер ушунчалык куу эл, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бизге өтө жакшы мамиле кылымыш болуп коюшуп, бирок кече бизге карата кыянатчылык, чыккынчылык кылышты.
Эми биз дагы мындан ары аларга мамилени өзгөртүп, кичине мекенчилдик сезимибизди ойготолу. Тажикистан тарапка биз аркылуу өтүп жаткан мыйзамсыз жүктөрдү токтотолу. Биз жаштар менен биргеликте ДНД (добровольная народная дружина) ыктыярдуу элдик дружиналар деген топ түзүп жатабыз. Ал үчүн ар бир айылдан өз эли,жери үчүн тик туруп бере турган жигиттерди чакырабыз.
Урматтуу жаштар, урматтуу мырзалар кече башыбызга түшкөн кыйынчылыкта баарыбыз биригип, ынтымакта элге аябай чоң жардам бердик.
Эми ушул карапайым элге бир тыйын пайдасы жок контрабандага дагы чекит койо турган убакыт келип жетти. Эгерде мындан ары ким тажиктерге контрабанда аркылуу жүк өткөрсө, мыйзам чегинде жоопко тартылсын деп катуу талап кылып ошонун артына түшөлү.
Кече Лейлек, Баткенге болгон иш сапарында Президенттибиз Жапаров Садыр Нуркожоевич дагы контрабанда токтойт деп өз оозу менен айтты. Эми мындан ары бийлик дагы, укук коргоо органдары дагы биз менен кызматташып жардам берет деген зор ишенимдебиз. Ошондуктан коркпой, үркпөй келип биздин топко кошулуп мүчө болуңуздар. Буюрса мыйзамсыз, коррупциялык иштер менен чогуу күрөшөбүз.
КҮЧ БИРИМДИКТЕ» — деп жазган Талантбек Мамытов.