Урматтуу соцтармактын колдонуучулары, чындыкты билбей туруп күнөө коюу ак жерден күйгүзөт адамдарды. Бирок ошол учурдан кээ бирөөлөр пайдаланып кетишет. Ар кандай провакациялык негативдерди жамгырдай жаадырышат.

Бул тажиктердин фуралары жеке транзиттик каттамда Кыргызстан аркылуу жүк алып келе жаткан Россиядан.
Бирок ошол учурда окуяга байланыштуу Ошто кармалып турушкан.
Ошондой эле биздин жарандар да Тажикстанда жүк ташуучу машиналары менен калып кетишкен болчу.

Алар ушул убакка чейин бери өтө албай жатышат. Азыр тажик тарап менен маселени оңдуу чечүүгө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Тажик жана кыргыз фураларын алмашмакчы. Ушул себептүү инспекторлордун коштоосунда Баткен облусундагы айып аянтчасына андан ары алмаштыруу үчүн бара жатышкан. Ордуна биздин кыргыз жарандарынын фураларын алмашышмак.

Мына, болгон чындык ушундай. Азыр аткезчилик кыла турган кез эмес.

Баарыңыздарды провакацияга алдырбоого чакырып, урматым менен Улан Жумаков.