Бишкекте 17-майдан тарта ысык суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардагы үйлөргө ысык суу 17-июнга чейин берилбейт. Бул убакытта жылуулук тармактарын жана жылуулук системасына профилактикалык оңдоо иштери жасалат.