Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылында “Ассанабил” кайрымдуулук фонду жалпы сметалык баасы 2,8 млн сом болгон ФАПтын курулушун каржылоону колго алды.

Бүгүн аталган жаңы ФАПтын имаратына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана тургундарынын катышуусунда капсула салынды.

ФАПтын жаңы имаратынын курулушу менен, анын базасында стоматология, аялдардын гинекология каанасы, жугуштуу оорулар бөлүмү, жүрөк дартын кароо бөлүмү жана жалпы имаратты жылытуучу система орнотулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздоо каралган.