Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду уюштурган “Аял – бул …” аталышындагы тегерек столго катышты. Анда эл өкүлү “Депутат айымдын орду” тууралуу сөз сүйлөп, Жогорку жана жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн бөлүнгөн квоталардын сакталышы өтө маанилүү экенин турмуштук тажрыйбалар көрсөтүп жатканын белгилеп, катышуучулардын аял депутаттардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду, ишмердиги тууралуу айтып берди.

Ошондой эле талкууда ар бир тармактын адистери аялдардын орду, укугу, милдети тууралуу сөз сүйлөп, пикир алмашышты.

Эскерте кетсек, аталган тегерек столдо айымдардын коомдун, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролун коноктор менен талкууланып, ага ЖКнын депутаты, педагогдор, баатыр энелер, саясат серепчилери, теолог, юрист, журналисттер, милиция кызматкерлери, коомдук активисттер катышты.