«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк «Кумтор Голд Компани» ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу экономикалык akchabar.kg порталы жазып, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругунун сүрөтүн жарыялады.

Анда “Бөлтүрүк Тенгиз Аяпберген уулу “Кумтор Голд Компаниясы” жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын” деп жазылган.

«Центерра» компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандан мүчө Тенгиз Бөлтүрүк кендин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кызматын тапшырганын 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген.

Кыргызстандын да, Канаданын да жараны Тенгиз Бөлтүрүк бул кызматка былтыр декабрда дайындалып быйыл май айында кайра шайланган. Компаниянын директорлор кеңешинде Канададан сегиз, Кыргызстандан үч өкүл бар.

«Kумтөр Голд» ишканасынын ишмердигин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров кенди иштетүү Кыргызстанга убактылуу өтсө, адистер ага даяр экенин айтып, Тенгиз Бөлтүрүк жана Абыл Сыдыков деген эки кишинин ысымын атаган.