Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуу ушул жылдын апрель айында өттү. Айта кетсек башка жылдардагы шайлоолорго караганда таза өттү жана аны  кайра өткөрүү зарылчылыгы жок. Ага бир канча мисалдар себеп.

Эске салсак 2012-жылы  бийликчил партия  СДПК  21 мандат алган. Азыр Эмгек 10, Ак бата 9, НДПК 8, Ата Журт 7, Ынтымак 6, Биздин эл 5 мандат алды. Шайлоо таза өткөндүгүн мына ушул мандаттар 6 партияга чачырагандан эле билсе болот. Бирок, тилекке каршы «жыгылган күрөшкө тойбойт» дегендей болуп, айрым партиялар шайлоодон жетиштүү добуш алалбай калып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргысы келип, кайра шайлоо өткөрөлү деп талап коюшууда. Шайлоону кайра өткөргөндө канчалаган каражат керек болот, андан дагы коронавирус илдети күчөп жатканда  элди кайра чогултуп шайлоо өткөрүү коопту.

Былтыр  так ушул маалда вирус күчөп баштап, элибиз оору менен алышып, азап чеккенбиз. Кайра кайра шайлоого катыша бергенден деле эл тажагандай болдуго. Ушундан улам Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосун жокко чыгаруу аракети бул  жеке күчтөрдүн интригасы, мэрликти самап жетпей калгандардын бузукулугу деп айтууга болот.

Алардын жетпей калган кыялы үчүн шаардыктар азап тартпашы керек деп эсептейбиз. Ар бир партия өзүнүн күчүнө жараша добуш алды деп шайлоонун жыйынтыгын кабыл алалы.