Бүгүн, 18-майда Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө 4,500 тонна ун гуманитардык жардам катары келди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүндөгү Казакстандын элчилигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктү тапшыруу иш-чарасына Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Рапиль Жошыбаев, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев катышты.

«Гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 75 вагон ун бардык санитардык нормаларды так аткаруу менен келип түштү» деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, буга чейин Казакстан Кыргыз өлкөсүнө 10 миң тонна ун гуманитардык жардам катары жөнөтөрү маалымдалган.