Эсен Шерботоев «Кыргыз почтасы» ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аны кечээ, 18-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана санариптик өнүгүү министри Азамат Дыйканбаев ишкананын жамаатына тааныштырган.