Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Кумтөр» кен ишканасынын эмгек жамааты менен жолугушуп, анда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу сырттан  башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктү тааныштырды.

Улукбек Марипов ошондой эле кен жумушчуларынын социалдык жөлөк пулдарды сактоо, эмгек акы жана ишкананын келечеги жөнүндө суроолоруна жооп берди.

«Иш токтоп калбайт жана кадимкидей эле өз ишин улантат. Кызматкерлер тийиштүү төлөмдөрүн ала беришет, эч кандай кыскартуу жөнүндө сөз жок. Биздин негизги максатыбыз карапайым жарандардын жашоосун жакшыртуу. Айкын жана таза иштөө менен гана биз буга жетише алабыз », — деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрөгасы.

Тенгиз Бөлтүрүк Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун сунуштамасы боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын сырттан башкаруу кызмат ордуна дайындалды.