Республиканын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, аймактарда сел  жүрүү мүмкүнчүлүгү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-майында күндүз жана 20-22-майында республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.