Бейшембиде күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +25…+30, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28…+33, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын аймагында +17…+22 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +29…+31 градусту көрсөтөт.