Баткен облусунун тургундары төрт жерден коронавирус оорусун алдын алган вакцинаны сайдыра аларын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Убактылуу ачылган эмдөө пунктулары:

  • Баткен шаарындагы Үй-бүлөлүк медицина борбору;
  • Кадамжай шаарындагы аймактык оорукана;
  • Лейлек районундагы №1,2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу;
  • Кулунду айылындагы жалпы дарыгерлик практика борбору.

Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын «Спутник V» вакцинасы келди.

Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот.