Кечээ, 20-майда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран
Ниязалиев Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелерди, ошондой эле, буга чейин жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Казакстан аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүшү, Кыргызстандын жарандарынын кыргыз-казак чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүү, маданият күндөрүн өткөрүү боюнча пикир алмашышты.
Ошондой эле, Казакстан Республикасынын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Кыргыз Республикасына боло турган расмий иш сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
«Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар Кыргызстан менен Казакстан өз ара кызыкчылыгы бар бардык тармактарда тыгыз кызматташтыкты мындан ары дагы чыңдоого ишеним
билдиришти», — деп айтылат маалыматта.