Коом

Нарында КРдин эл артисти Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгы өтүүдө

Нарында белгилүү композитор, КРдин эл артисти Калыйбек Тагаевди эскерүү жумалыгы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Министрдин буйругуна ылайык, эскерүү жумалыгы 20-майда башталган. Иш-чаралар министрликтин Нарын облусундагы аймактык бөлүмдөрү, театр оюн-зоок мекемелери, балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде 26-майга чейин уланат.

«26-майда саат 18:00дө жумалыктын жыйынтыктоочу бөлүгү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында өтөт», — деп айтылат маалыматта.

Калыйбек Тагаев Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген. Композитор «Элмира», «Долон», «Ат-Башым» өңдүү 120дан ашык ырга обон жараткан. Анын эмгектерин кезинде Болот Миңжылкыев, Дарика Жалгасынова, Кайыргүл Сартбаева аткарса, азыр да Майрам Дүйшөкеева, Гүлзат Байзакова, Токтобек Асаналиев, Гүлнур Сатылганова, Динара Акулова, Айчүрөк Иманалиевалар ырдап жүрөт. КРдин эл артисти бир нече жыл мурун Карамолдо Орозов атындагы академиялык оркестр, симфониялык жана камералык оркестр менен үч чоң концерт коюп, эки жолу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн. Тилекке каршы, ал сыйлык ыйгарылган эмес.

Белгилүү талант 2020-жылы 80 жашында көз жумган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button