Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерин жана башкы консулдарын дайындоо боюнча жарлыктары чыкты.

Ага ылайык, Таалай Базарбаев Кыргызстандын Италиядагы элчиси жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун алдындагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Азамат Карагулов Кыргыз Республикасынын Кувейттеги, Талант Султанов Түркмөнстандагы элчилигине бекитилди.

Ошондой эле Назарали Арипов Казакстандын Алматы шаарындагы, Лира Сыдыкова Түркия Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу болуп дайындалышты.