Ишембиде күндүз республиканын кээ бир аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +25…+30, Таласта +24…+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +27…+32, Ысык-Көл жеринде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +17…+22 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +27…+29, Ош шаарында +30…+32 градус болот.