Министр Бакыт Төрөбаев Ысык-Атадагы суу каналдарына барды


Бүгүн, 24-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Ата районунда жайгашкан Восточный Чоң Чүй каналына, Р-24 сугаруу каналына, Туз бассейнине барды.
Министр бул каналдардын учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштери менен жеринде таанышты.
Маалымат үчүн айта кетсек, Восточный Чоң Чүй каналынын узундугу 97 км, 41,5 миң гектар аянтты сугарууга жетет. Ал 1957-жылы пайдаланууга берилген.
Р-24 каналы Жайылма айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашып, анын ичинен 1 350 метри бетондолгон, ал эми 5 075 метри жер канал болуп саналат. Канал аркылуу 1 100,0 миң гектар сугат жерлер суу менен камсыздалат. 2025-жылы каналдын 1 480 метр узундугунда, жалпы аянты 5 415 м² болгон бөлүгүнө бетон төшөө иштери аткарылган. Ал эми 2026-жылы узундугу 1 280 метр, аянты 4 655 м² болгон тилкеде бетон төшөө иштери жүргүзүлүшү пландалууда.
Туз бассейни декаддык сууну жөнгө салуу үчүн курулган жана 1987-жылы ишке берилген. Капиталдык оңдоодон кийин анын суу сактоо кубаттуулугу 1,8 млн. м³ түзөт.
Бассейнден сугат аянттарына кошумча суу төмөнкү аймактарга берилет:
— Жайылма айыл аймагы, Туз кыштагы – 1300 га сугат аянты
— Кант шаары, Люксембург кыштагы – 1100 га сугат аянты
Бул суу берүүлөр жергиликтүү дыйкандарга түшүмдүүлүктү жогорулатууга жана айыл чарба ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган.