Бүгүн, 22-октябрда Бишкек шаарында AFACI долбоорунун алкагында аткарылган иштерди баалоого арналган эл аралык семинар өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Кыргыз мал чарба жана жайыттар илим-изилдөө институтунун директору Рахат Ибраев катышты.
Эл аралык иш-чарага Кыргызстандын, Монголиянын, Непалдын, Пакистандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле Корея Республикасынын тиешелүү мекемелеринин адистери катышты.
Семинардын негизги максаты — долбоордун алкагында аткарылган иштерди талдоо, катышуучу өлкөлөрдүн жетишкендиктери жана тажрыйбалары менен алмашуу, ошондой эле мындан аркы кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныктоо болду.
Семинардын жүрүшүндө катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу, долбоордун жыйынтыктарын талкуулоо, учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды чечүүнүн жолдорун иштеп чыгуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.







