Саясат

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлду. Жарлыкка Жапаров кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматын жоюу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Мамлекет башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда жакында УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюларын билдирген.

Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экени белгиленген.

Ушул Жарлыкты аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүү тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button