Бул тууралуу Al Jazeera телеканалы кабарлаганын ТАСС жазды.
Маалыматка ылайык, Израилдин соккусунан 109 палестиналык набыт болду, алардын ичинен 28и гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттарда азык-түлүк алуу үчүн кезегин күтүп турган.
Анклавдын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, май айынын аягынан бери гуманитардык жардам бөлүштүрүүчү пункттарга жасалган соккулардан 600дөн ашуун адам каза тапкан.
Жалпысынан 2023-жылдын октябрь айынан бери куралдуу кагылышуу күчөгөндөн бери Газа секторунда 56,6 миңден ашуун адам көз жумуп, 134 миң киши жарадар болгон.

