Коом
Төө-Ашуу ашуу электр жарыгысыз калды
Төө-Ашуу ашуусу убактылуу электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июлда, саат 22:58де “Суусамыр” подстанциясында авариялык өчүрүү болгон. 35 кВ болгон кабелдик линиясынын жабыркагандыгынан улам электр энергия өчүрүлгөн. Ал өз учурунда “Суусамыр” подстанциясы менен бириктирилген.
Мындан улам Төө-Ашууда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.
“Окуя болгон жерде оңдоо иштери жүрүүдө. Жакын арада электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет”, — деп айтылат маалыматта.