Саясат

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган Жарлык Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамына Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басарын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button