Саясат

Марипов Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна жумушчу сапары менен барып, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, «Алтын Альянс» компаниясынын кызматкерлери Мариповго алтынды эритүү процессин көрсөтүп, натыйжада 25 килограммдан ашык алтын куймасы алынган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө комбинатта 1 086 килограмм алтын өндүрүлүп, 940 килограмм тазаланган алтын Улуттук банк тарабынан сатылган. Жыл аягына чейин 2 300 килограмм алтын өндүрүү пландалып жатканы айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы комбинаттагы калдык сактоочу жайдын абалын да текшергени айтылды. Ал өкмөт үчүн алтын өндүрүүдө экологиялык коопсуздук маселеси маанилүү экенин айтып, ага өзгөчө көңүл бурула турганын белгилеген.

«Алтын Альянс» компаниясы кенди иштетүүдө эл аралык экологиялык талаптар толугу менен сактала турганын кошумчалаган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button