АКШда 77 жаштагы пенсионер 15 жылдык круизге аттанды


Калифорнияда 77 жаштагы пенсионер бардык мүлкүн сатып, дүйнө жүзүн кыдыруу үчүн 15 жылдык круизге аттанды. Бул тууралуу “Российская газета” басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, Шэрон Лейн бардык байлыгын сатып, Villa Vie Odyssey круиздик кемеси менен Сан-Диегодон сапарга чыккан. Калифорниянын тургуну эми кеминде 15 жылын кемеде өткөрөт.

Кемеде кабинаны ижарага алуунун минималдуу баасы — 129 миң доллар. Мындан сырткары, ай сайын 3 миң доллар төлөнөт.

Бул суммага күнүмдүк тамак-аш, суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер, Wi-Fi, медициналык кароолор, 24 сааттык тейлөө, жума сайын тазалоо жана эки жумалык кир жуу кызматы кирет.

Шэрон Лейн өзүнүн мындай чечимин “жашоонун ар бир көз ирмеминен ырахат алгым келет” деп түшүндүргөн.

«Мен мындан ары кир жуубайм. Мен азык-түлүк дүкөнүнө барбайм. Кемеде жашоо Түштүк Калифорнияда жашаганга караганда бир топ арзан», — деген ал.