Ысык-Көл жээгинде V мааракелик Чыныбай Турсунбеков эл аралык поэзия фестивалы өз ишин ийгиликтүү аяктады.
Фестивалга Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жана мамлекеттик катчы Марат Иманкуловдор катышып, акын, саясатчы Чыныбай Турсунбековдун ишмердигине, инсандык бейнесине токтолуп, поэзия фестивалынын актуалдуулугу тууралуу сөз сүйлөп, фестивалдын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришти. Быйылкы фестивалга Орто Азия мамлекеттеринен Түркиядан акын Кенан Чарбога, Казакстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, акын, жазуучу Галым Калыйбекулы, төкмө акын, Казакстан Республикасынын маданият ишмери Серик Калиев, жаш акын, М. Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтунун илимий кызматкери, PhD докторанты Бауыржан Мырзакул, жаш акын, Казакстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Максат Дауылбай, Өзбекстандан акын, жазуучу жана котормочу Нуралы Кобул, Өзбекстан Жазуучулар союзунун төрагасынын кеңешчиси Салим Ашуров, Өзбекстан Жазуучулар союзунун жана ТҮРКСОЙ Жазуучулар уюмунун мүчөсү Шухрат Ориф, акын, Өзбекстан Жазуучулар союзунун мүчөсү Наргиза Асатова, Өзбекстан Мамлекеттик маданият жана искусство институтунун доценти Хуршид Бекназаровдор жана Кыргыз эл акындары Кожогелди Култегин, Акбар Рускулов жана жаш акындар, чыгармачыл инсандар, коомдук ишмер катышты.
Иш-чараны Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд уюштурган. Фонддун негиздөөчүсү коомдук ишмер, ишкер Нуржан Давлетбековна Тентимишова. Фестивалдын максаты кыргыз тилинде ыр жазган жаш акындардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү, дем, шык берүү жана кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошуу, жаштарды тилектештикке, биримдикке чакыруу болуп саналат.
V мааракелик Чыныбай Турсунбеков эл аралык поэзия фестивалынын алкагында Чыныбай Турсунбековдун чыгармачылыгына арналган адабий кече, “Поэзия жана көркөм окуу сынагынын финалдык бөлүгү”, “Көркөм окуу техникасы” жана “Сахна кеби” боюнча мастер-класс, акындардын кыз-жигит сармерден оюну, «Кыргыз ырларынын түзүлүшү» жана «Ч. Турсунбековдун поэзиясы аркылуу тил үйрөтүү» семинар-тренинги өттү. Жана ошондой эле быйылкы фестивалдын жаңылыгы болуп «Акындар аллеясы» ачылды. Анда буга чейин фестивалдын лауреаттарына арналып бак-дарактар отургузулду.
Төрт күнгө созулган фестивалда – поэзия жана көркөм окуу сынагынын финалдык бөлүгү өтүп, анда жеңүүчүлөр аныкталып, байгелүү сыйлыктар ыйгарылды.
Баш байгеге Бегайым Нурлан кызы татыктуу болду.
1-орун – Гүлүмкан Исаева
2-орун – Эркинбек кызы Мээрим
3-орун – Бектемир Асылбеков
4-орун – Аскаров Мирлан
Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзу менен Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун ортосундагы кызматташуу Жоболоруна ылайык аталган фестивалдын баш байге ээси Бегайым Нурлан кызы Улуттук жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынды.
Чыныбай Турсунбеков атындагы фонддун негиздөөчүсү Нуржан Тентимишова фестиваль тууралуу пикири менен бөлүштү:
– Быйыл 5-мааракелик Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалы эл аралык деңгээлде өттү. Өзүңөр күбө болгондой, программаны, уюштуруу иштерин дыкаттык менен, ийне-жибине чейин иштедик. Башкысы, катышуучуларга пайдалуу жана ыңгайлуу болуп, алар руханий жактан эс алып, өз ара достошуп, мамиле күтүүсүн кааладык.
Алгачкы жолу 2021-жылы өттү. Ошондон бери жыл сайын кыргыз тилин өнүктүрүү жана кыргыз тилинде ыр жазган жаш акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында уюштурулуп, чыгармачыл жаштардын ынтымагын бекемдеген, тилектештик аянтчасына айланды. Менин кубанганым, сыймыктанганым – биздин фестивалдын катышуучулары жети дубандан келишип, бири-бири менен жакындан таанышып, чыгармачылыктагы тилектештер, достор, курбулар болуп жатышат. Мунун баары фестивалдын алкагындагы сынактарда атаандаштык эмес, тилектештик күчтүү болгону, бири-бирин сүрөп, колдоп турганы сырттан караган адамдарды да кубантып, жүрөк жылытты.
Казакстандан жана Өзбекстандан, Түркиядан келген конокторубуз да Чыныбай Турсунбековдун чыгармачылыгын колдоп, даңазалап, жайылтуу ниетин билдирип, Турсунбековдун ырларын түрк, өзбек тилдерине которуп, китебин жарыкка чыгарып, бет ачарын өткөрүп, бизди да катышууга чакырып кетишти. Ошондой эле алардын жаш акындары да бул фестивалга катышууга ынтызарлыгын билдиришти. Бирок, биздин фестивалдын шарты сынакка катышкан чыгармалар, ырлар же эсселер кыргыз тилинде гана болууга тийиш. Боордошторубуздун мындай сунуштары жакшы жышаан. Алардын акындары конок катары катышып, биздин чыгармачыл инсандар менен адабий, маданий алакаларды түзүүсүнө фестиваль көпүрө болуп бермекчи.
Эскерте кетсек, аталган фестиваль беш жылдан бери үзгүлтүксүз өтүп келе жатат. Фестивалга беш жылдын ичинде 500дөн ашуун жаш акын катышып, чыгармаларын тартуулашып, чыгармачылыктагы тушоолору да кесилип келе жатат.