Казакстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары, Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, жазуучу Галым Калыйбекулы V мааракелик Чыныбай Турсунбеков эл аралык поэзия фестивалына ардактуу конок катары катышты. Галым Калыйбекулы поэзия фестивалы тууралуу пикири менен бөлүштү:
– Кыргыз боордоштордогу ыр майрам, Чыныбай Турсунбеков фестивалы бизге өтө жакты. Кыргызда Чыныбай Турсунбеков деген акын, саясатчынын өмүр таржымалы менен Кожогелди Култегин тааныштырып, фестивалга чакырды. Чыныбай Турсунбеков мыкты акын, азамат уул, казакча айтканда «Сегиз кырлуу, бир сырдуу», колунан баары келген, саясатта, бизнесте жана адабиятта ушунчалык бийиктикке көтөрүлгөн инсан болгон экен. Өкүнүчтүүсү өмүрү өтө кыска болуптур, 59 жашта каза болгону өтө өкүнүчтүү, өтө аянычтуу. Ошентсе да 59 жашында баарына үлгүрүүгө тырышкан экен. Поэзияда бир канча китептерди жазып кетиптир. Бийликте президенттен кийинки экинчи адамга айланган экен. Бизнесте мына биз эс алып жаткан гүл бакчага оронгон жерибиз үй-бүлөсүнө калтырган жай эмес, элине өтө керектүү жайды калтырган экен. Бүгүн ушул жерде элдин ийгилиги жаралып, өнөр даңазаланууда. Ушунун өзү кандай керемет! Биринчи кезекте аталган фестивалы эл аралык деңгээлде өтүп жатат. Мен пикиримде, сунушумду да билдирдим, фестивалга кыргыздар гана эмес, казактар да, өзбектер да, түрктөр да, азербайжандар да, баары катышуусу керек. Уюштуруучуларга, Кожогелди Култегинге да сунушумду айттым, биздин акындар катышса, өзүбүз жыйынтыгын чыгарып берсек, фестиваль дагы бийик деңгээлге көтөрүлөт. Экинчиден, Чыныбай Турсунбеков атындагы медаль, өзгөчө сыйлыктардын болгону катышуучуларга да шык бермек. Азыр медалы бар экен. Бул да жакшы.
Эми поэзия тууралуу айтсам, поэзия баардыгына түшүнүктүү болушу керек. Кыргыздын жаш акындарынын ырын угуп, жаштарда жаңылыктар, изденүүлөр бар экенине күбө болдум. Жаш акындардын өтө жакшы ырлары бар экен. Сармерден дагы абдан жакты. Биз сиздерден үйрөнө турган көп нерселер бар. Бүгүн өнөрдүн, айтыштын, поэзиянын жарышы, жан дүйнөлөрдүн керемет майрамы болду.
Фестиваль негизинен жогорку уюштуруучулук деңгээлде өтүп, көңүлүбүз көкөлөп жатканын белгилеп кетем. Чыныбайдын руху жаш акындарды колдой берсин. Жаштарга, урпактарга Чыныбайдын иштеген ишин берсин, жолун берсин, өмүрүн бербесин, жашай албаган жашын берсин деп тилейм. Алла амандыгын берсе, кыргыз эли барда Чыныбайдын аты эч качан өчпөйт. Анын руху колдоп бул фестивалда дүйнө жүзүндөгү улуттардын башын бириктирген поэзия аянтчасына айлансын!