Белгилүү саясатчы, акын Чыныбай Турсунбековдун мугалими Шарапат Ибраева V мааракелик Чыныбай Турсунбеков эл аралык поэзия фестивалынын ардактуу коногу болду. Шарапат Ибраева Чыныбай Турсунбековдун окуучулук кези, чыгармачылыгы тууралуу пикири менен бөлүштү:
– Билим берүүдө 40 жылдык тажрыйбам бар, мугалиммин. Мен Чыныбайдын мугалими болуп келгенде 5-класстын окуучусу болчу. Анын дүйнө таанымы кенен, энергиясы ашып-ташкан, чынчыл, бардык сабактарын мыкты окуду. Өзгөчө математика сабагын мыкты өздөштүргөн, андан сырткары уюштуруучулук сапаты да жогору болгон. Көзүндө оту бар жигит эле. Чыныбай өзү ыр жазып калуусуна мени себепкер деп айтчу, анткени мен аларга ыр жазып келгиле деген тапшырма бергем. Арасынан иргелип, 3 окуучум ыр жазып келишти. Биринчи эле Сыдык деген окуучум өз ырын окуп берди. Балдардын баары каткырып киришти, анткени күлкүлүү жазылган экен. Андан кийин Айшакан уялып окубай койду. Кийин Чыныбай чыгып, өзүнүн ырын окуй баштады, кадимкидей сонун илеп келип жатты, аябай мактадым. Ошондон кийин ар бир майрамга карата ыр жазуу тапшырмасын берип турдум, оюмдагыдай кереметтүү саптарды жаратып жатты.
Бир жолу мектепте КВН өттү, анда Чыныбай катышты, химия жөнүндө тапшырма берилгенде, дароо эле Жеңижоктун саптарындай кылып, ошол эле маалда азот, молекула, атомдук салмагын, айтор бардык металлды кошуп ыр жазып жиберди. Ошондо таң бердим, чыгармачылык дарамети кең деңиз экенине ынандым.
Дагы бир жолу атайын иш-чара өттүк, анда дагы Чыныбай орус тилинен суроо бермей болду, балдарга “Гоголдун чыгармасындагы Плюшкиндин аты ким?” деген суроо узатты, эч ким жооп бере алган жок, балдар чурулдашат, 10 жолу окудук, аты жок экен дешип, ошондо Чыныбай мындай деди “10 жолу эмес, 13 жолу окуп көргүлө” деп туруп китепти окуп келе жатып “кызы Степановна” деген жерин айтты, көрсө Степан экен деп баарыбызды таң калдырган.
Ошентип, бара-бара акындыкка өтө баштады. Чыныбайдын 5-класста кол эмгектен берген агайы 10-класста тарыхтан сабак бере баштаган экен. Анан окууну аяктап жатканда ар бир мугалимди ыр менен куттуктагыла десем, Чыныбай ошол агайына:
– Көп жыл бою келдиңиз,
Балдарды эмгекке үйрөтүп.
Эми кирдиңиз,
Тарых тилин сүйлөтүп – деп жазыптыр.
Чыныбай биздин айылдан чыккан биринчи кандидат болду, ага чейин эч ким чыккан эмес. Айылына жардам берип, элине камкор болду. Эгер Чыныбай акын, бизнесмен болбосо, чоң математик болмок. Өзү 5-класста окуганы менен 7-класстын эсебин чыгара алчу.
1997-жылы “Жүрөктөгү жаңырык” аттуу китеби жарык көрдү, ошол китебинде мага арнап ыр чыгарыптыр:
Бир карасаң билинбеген бир адам,
Миң баланын мүнөзүнө чыдаган.
Миң баланын арасынан мен дагы,
Сизден билим алганыма кубанам.
Мен өзүмдүн балдарыма,
Сиздей болгон эже бер деп суранам.
Бул саптар мага арналганына аябай кубанам жана сыймыктанам. Азыр дагы ал берген “открыткалар” бөлмөмдө турат, бирөөсүнө “Эже, сиздин эстелигиңиз бизбиз” деп жазыптыр.
Балакет баскан “Таажы илдети” болбосо жашайт беле деп сарсанаа болом, кемпир эжеси болуп мен жүрөм, жапжаш болгон Чыныбайым өтүп кетти.
Бирок анын атын өчүрбөй үй-бүлөсү, аялы Нуржан жыл сайын акындарга арналган фестиваль өткөрүп жүрүшөт, быйыл 5-жолу өтүп жатат, ошол беш жыл тең катышып жүрөм. Ар дайым ардактуу конок катары чакырышат, ушул жерде пансионаты жаңы ачылганда дагы мени чакырып эс алдырган. Ыраазычылыгым чексиз!
Фестивалдын алкагында жаш акындардын ырларын угуп, укмуштай күчтүү дүбүрт келе жатканын байкадым. Акындарга арналган атайын аллеянын ачылышы өзүнчө чоң жаңылык болду. Жаштарды жакшылыкка чакырган ушундай иш-чаралар көп болсун, ак жол!