Бишкектеги болгон мушташта блогер сабалды


Социалдык тармактарда Бишкектеги мейманканалардын биринде мушташкан видео тарады. Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү жарандар Ж.А., У.Б. жана О.К. милицияга арыз менен кайрылышкан. Алар ошол эле күнү саат 01:00 чамасында Киев көчөсүндө жайгашкан мейманканалардын биринде коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын атайылап одоно бузуп, денесине себепсиз залал келтирген жаран А.Р.га карата чара көрүүнү суранышкан.

Бул фактынын негизинде Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 280 («Бейбаштык») жана 206 («Каракчылык») беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү 1994-жылы туулган А.Р.нын өздүгү такталып, 1-июль күнү ал Тергөө кызматына өткөрүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде No1 СИЗОго бир айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Белгилей кетсек, окуянын башка катышуучуларынын да жайгашкан жерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Буга чейин ушундай эле видео социалдык тармактарда тараган. Жабырлануучу, блогер Алина Жакыпова мушташка Жан Воиновдун жубайы Залина Алмасова катышканын билдирди.