3-июлда Португалия курама командасынын жылдызы, англиялык «Ливерпулдун» футболчусу Диогу Жота Испанияда жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Marca сайты билдирди.
Кырсык бейшемби күнү эртең менен Испаниянын түндүк‑батышындагы Самора аймагында болгон. Футболчу Португалиянын экинчи дивизионундагы «Пенафиел» клубунда ойногон 26 жаштагы агасы Андре Силва менен унаада болгон. ММКлар унаа жолдон чыгып кетип, өрттөнүп кеткенин жазышууда. Окуя болгон жердеги медициналык кызмат эки адамдын өлүмүн тастыктады.
Португалиянын премьер-министри таланттуу форварддын өлүмү тууралуу «Х» тармагында «футбол, улуттук жана эл аралык спорт үчүн кайгылуу күн» деп жазган.
Маалыматка караганда, өлүмгө Диогу агасы менен бара жаткан «Ламборгининин» дөңгөлөгү катуу ылдамдыкта жарылып кеткени себеп болгон. Натыйжада унаа башкарууну жоготуп, трассадан учуп чыгып, өрттөнүп кеткен.