Бүгүн тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Талас аймагында +29…+34, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32…+37, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +23…+28, градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +32…+34, Ош шаарында +33…+35 градуска көтөрүлөт.

