Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал террордук уюмдун ишине катышууга чакырык жасоого шектелүүдө.
ТИМ жарандын кармалуу жагдайларын тактоо жана мүмкүн болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугуна тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилгенин билдирди.
Ошондой эле министрлик бул маселени көзөмөлгө алып, толук маалымат келип түшкөндө кошумча кабарлайт.

