Маданият

Видео. Кыргызстанда Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды

Кыргызстанда Касым Тыныстанов тууралуу кыска метраждуу тасма тартылды. Тасма  «Этномедиа»  Youtube каналына жарыяланды.

Тасманын режиссеру Мурат Мамбетов. Тасма Касым Тыныстанов атындагы фонддун заказы менен тартылган.

Касым Тыныстанов — кыргыз окумуштуусу, акын жана мамлекеттик ишмер. Латын алфавитинин негизиндеги кыргыз жазуусунун негиздөөчүсү (1927-1940).

«Академиялык кечелер» пьесасы жана башка кээ бир чыгармалары үчүн ага улутчулдук жана буржуазиячылдык негизсиз айыпталып, 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен.

1938-жылы июнь айында Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп,  атылып кеткен. Анда ал 37 гана жашта болгон. 1957-жылы Касым Тыныстанов реабилитацияланган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button