Коом

Бишкекте азырынча чектөөлөр киргизилбейт

Бишкекте ковид жуктургандардын көбөйүшүнө байланыштуу чектөөлөр азырынча киргизилбейт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева маалымат жыйында билдирди.
Ал белгилегендей, борбор шаарда эпидемиялогилык абал курч, бирок туруктуу бойдон калууда. Чектөөлөрдү киргизүү каралган жок, бирок жарандар санитардык нормаларды сактап жүрүшү зарыл.
Эске салсак, 18-январда Бишкекте 13 мамлекеттик жана 3 жеке менчик мектеп онлайн окутууга өттү. Эки бала бакча карантинге жабылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button