Саясат
Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болушу күтүлүүдө
Мурдагы премьер-министр Улукбек Марипов Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги ишенимдүү маалымат булактарына таянуу менен «Спутник. кж» агенттиги жазды.
Мариповду аталган кызматка дайындоо маселеси бүгүн, 24-январда, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде каралат.
Улукбек Марипов 2021-жылдын февралынан октябрь айына чейин кыргыз өкмөтүн жетектеп кеткен.