Коом

Кыргызстандын энергетика министри: Авария коңшу өлкөдө болду

Коңшу өлкөдөгү авариядан улам Кыргызстанда электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

«Кыргызстандын энергосистемасы калыбына келтирилип жатат. Бул бир сааттан ашык убакытты талап кылат», — деди министр.

Буга чейин Борбор Азия бириккен электршакекчесинде авария болгону айтылган. Анын кесепетинен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанда электр жарыгы өчкөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button