Саясат

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу талапкерлигин койду

Түркмөнстандын вице-премьер-министри, учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги Түркмөнстандын Демократиялык партиясынын кезексиз тогузунчу съезди тарабынан көрсөтүлгөн.

Буга чейин, 11-февралда Түркмөнстандын Элдик Кеңешинин жыйынында 15 жылдан бери президент болуп келген Гурбангулы Бердымухамедов жаштарга орун бошотуп берүүнү колдой турганын билдирген.

Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2022-жылдын 12-мартына белгиленген.

Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, өлкөнүн президенти болуп Түркмөнстанда туулган, жашы 40тан жогору, мамлекеттик тилде эркин сүйлөгөн, өлкөдө акыркы 15 жыл туруктуу жашаган жана иштеген жаран шайлана алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button