Коом

Президент чек арачы Мирбек Султанбек уулу жана прапорщик Бекзодбек Юлдашевдин жубайы менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматынын 2022-аскер бөлүгүнүн «Көк-Таш» чек ара заставасынын башчысы Мирбек Султанбек уулу жана чек ара жаңжалында каза болгон прапорщик Бекзодбек Юлдашев жубайы Гүлхайо Кодирова менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы чек арачы Мирбек Султанбек уулунун ден соолугун сурап, анын тезирээк сакайып кетишин каалады, ошондой эле жоокерге Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоодо көрсөткөн эрдиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров Мирбек Султанбек уулу аскердик милдетин абийирдүүлүк менен аткарып, эрдиктин жана баатырдыктын татыктуу үлгүсүн көрсөткөнүн белгиледи.

Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга аскер кызматкерине туруктуу негизде колдоо көрсөтүүнү улантууну тапшырды.

Мамлекет башчысы Мирбек Султанбек уулун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, ага Бишкек шаарынан батирдин ачкычын тапшырды.

Президент Садыр Жапаров Бекзодбек Юлдашевдин жесирине дагы бир жолу көңүл айтып, ага жана балдарына ден соолук, узун өмүр каалады. Каза болгон прапорщиктин жесирине материалдык жардам көрсөтүлдү.

Эске салсак, 2020-жылдын 8-майында Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяда Мирбек Султанбек уулу октон жаракат алган.

Аскер кызматкери быйыл «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматынын прапорщиги Бекзодбек Юлдашев 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусундагы тилкесинде куралдуу кагылышта каза болгон.

Өткөн жылдын май айында ал курман болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган. Анын үй-бүлөсү да буга чейин Бишкектен батир алышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button