Коом

Ысык-Көлгө мобилдик клиника келди, медиктер элди 5 ай бою акысыз тейлейт

Чүйдүн Кемин районунда иштеп жаткан мультидиагностикалык мобилдик клиника Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жүк ташуучу автоунааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника Кыргызстанга 2021-жылдын ноябрь айында алып келинип, алгач Кеминге жөнөтүлгөн. Бул аралыкта ал жактагы 20 миңден ашуун тургун дарыгерлердин кеңешин алган. Мындан сырткары, 10 миңден ашуун адам медициналык кароодон өтүп, чакан операциялар жасалганы белгиленди.

Кечээ ал аймактагы ишин жыйынтыктап, Ысык-Көл облусунун Түп районуна сапар тарткан. Аталган аймакта эки ай, андан кийин Жети-Өгүз, Тоң райондоруна барып жалпысынан беш ай калкка акысыз жардам көрсөтөт. Кийинки кезек Нарын облусунда экени айтылды.

Белгилей кетсек, аталган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо-шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган.

Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт. Аны менен катар биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар.

Мобилдик клиника беш жыл аралыгында өлкөнүн бардык аймактарын кыдырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button