Коом

Ош облусунун башчысы жаңы төрөлгөн төрт эмге 100 миң сом сүйүнчү берди

Ошто төрөлгөн төрт эм ымыркайга президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов 100 миң сом сүйүнчү берди. Бул туурасында өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 17-майда Зиядин Жамалдинов Ош облустук төрөт үйүндө жарыкка келген төрт эм ымыркайдан кабар алды.

Облус башчысы ымыркайдын ата-энесин куттуктап 100 миң сом сүйүнчү берди. Эске салсак, 2-май күнү Кара-Суу районунун 1990-жылы туулган тургуну төрт эм (эки уул, эки кыз) ымыркай төрөгөн. Учурда ымыркайлардын, энесинин абалы жакшы жана үйүнө чыгарылды. Алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button