Коом

Президенттер Бишкекке келбейт. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу онлайн режиминде өтөт

27-майда Бишкекте өтүшү пландалган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

Анын айтымында, саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар.

Пландаштырылган биринчи Евразиялык экономикалык форумга Биримдиктин мамлекет башчылары  видеоконференция аркылуу катышат.

«Саммит кадимкидей эле өтөт деп даярданып жатканбыз. Бирок бир нече күн мурда мамлекет башчыларынын форумга видеоконференция аркылуу катыша турганы чечилди», — деп билдирди Мясникович.

Ал тактагандай, форумда секциялардын иши жана панелдик талкуулар пландалгандай Бишкекте өткөрүлөт.

Белгилүү болгондой, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отуруму Бишкекте 27-майда өтөрү кабарланган.

26-майда борбор калаада Евразиялык экономикалык форум болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button