Коом

Салык кызматынын башчысы митингчилерге ККМ жана ЭЭФ киргизүү зарылдыгын түшүндүрдү

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов бүгүн контролдук-кассалык машинаны (ККМ) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүүгө каршы акциянын катышуучулары менен жолугушту, — деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал жыйындын катышуучуларына ККМ жана ЭЭФ киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин максаттарын жана милдеттерин, аларды ишкердик субъекттери колдонуу зарылдыгын кыскача түшүндүрүп, ошондой эле чогулгандардын суроолоруна жооп берди.

Ведомствонун башчысы белгилегендей, ККМ жана ЭЭФ колдонуу боюнча талаптар мыйзамдуу болуп саналат жана бизнес үчүн да, жалпы эле өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн да оң жактары бар.

А.Абдувапов жана Салык кызматынын башка өкүлдөрү митингдин катышуучуларынын ККМ колдонууга, ошондой эле салык кызматкерлеринин ишине тиешелүү бардык маселелерин жана дооматтарын иликтөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Митингдин катышуучуларын салык мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Салык кызматынын мыйзамдуу талаптарын бизнеске кысым катары көрсөтүүгө аракет кылып, коомчулуктун тынчын албай, мыйзам чегинде иш алып барууга Салык кызматы чакырат.

Белгилей кетсек, учурда ККМдин эки түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Смартфонго, планшетке жана компьютерге программалык ККМди жүктөө акысыз ишке ашырылат, бул аппараттык ККМдын кыйла жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкер болгону чекти керектөөчүгө берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди гана сатып алат.

ККМ – бул мамлекеттин салык саясатына ылайык Салык кызматы ишке ашырган салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлорунун бири.

Бул долбоордун башкы максаты – ак ниет бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандардын бакубат турмушун жогорулатуу жана өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоо болуп саналат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button