Коом

Эртең Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталат

Эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет. Бул тууралуу «Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» форумунда журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ири ГЭСтин курулушун баштоого мүмкүнчүлүгү бар.

“Буйруса, эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет. Курулуш иштерине даярдык журүүдө, алдыда көпүрө жана тоннель салынат. Учурда курулуш иштерине бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Биринчи этап 3-5 жылды талап кылат. Беш жылдан кийин 640 мегаватт кубаттулугунда ГЭСтин курулушу башталат”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button